ИИМдин делегациясы ЖККУнун кезектеги Координациялык кеңешинин жыйынына катышты






Кечээ, 24-октябрда Минск шаарында ИИМдин Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган делегациясы ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 25-отурумуна катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарга каршы ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышты.
Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар, үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн негизги иш-чараларынын, анын ичинде "Канал-Аракс" жана "Канал-Перехват" субрегионалдык баңгизаттарга каршы операцияларынын жыйынтыктарын чыгарышты.
Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттерде баңги кырдаалын өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын жана баңгизаттарга, өзгөчө синтетикалык баңгизаттарды жайылтууга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Мындан сырткары, ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 2024-жылга карата иш-мерчемин бекитишти.

