super.kg logo

"Тарбайтып койсок "лопух" болуп калат". Мирлан Самыйкожо желекти өзгөртүүгө каршы экенин айтты (видео)

 

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирди.

"Биз коомдо эмне болуп жатса ошону айтып турууга милдеттүүбүз. Мен жалкып калдым, бир нерсенин башы башталганда айтып калбасак бул жерге келгенде кечигип калат экенбиз. "Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" болуп калат экенбиз.

Бүгүнкү күндө коомдо желегибизди өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Буга коомчулуктун дээрлик көпчүлүгү каршы болуп жатат. Биз желектен башка нерселерибизди эле жасайлычы. Биздин жакшынакай желегибиз - бул күндүн нуру. Биздин ата-бабаларыбыз ошол кезде эле үстүнөн караганды билиптир, дагы бир нерсеси коломто дегенди дагы түшүндүрөт. Бул оттун, жалындын, нурдун белгиси го. Биз арбайтып-тарбайтып койсок "лопух" болуп калат, кыргызчасы уйгак", - деди Самыйкожо.

Депутаттын бул сөзүнө төрага Нурланбек Шакиев дароо жооп берди.

"Ал жерде туу өзгөрбөйт, ал жерде эч кандай жаңы элементтер болбойт. Кечээ биз туунун авторлору менен дагы жолуктук, алар "Биз баштагы тууну тааныбай калдык" деп айтып жатышат. Түндүктүн кандай турганын өзүңүз көрүңүз, таптакыр башкача. Биз баштапкы калыбына алып келип коёлу деген эле максат", - деди Шакиев.






Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүүгө каршы экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.10.2023. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Желеке эмнеге асылып жатышат. Азыркы желекте эч куноо жок. Башка кылаар жумуштары жокпу. Бөрк ал десе, баш алган депутаттар. Желекти эмес, жашоо турмушту өзгөртүү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: