super.kg logo

Орусияда "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктар кайра кантип чыкса болот? Министрлик жооп берди

 
Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган "кара тизмеде" 47 миңден ашуун кыргызстандык бар. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
“Кара тизмедеги” жаран Кыргызстанда болсо, анда ал:
Мамлекеттик ооруканага анализ тапшырып (Сифлис, кургак учук) оорулары менен оорубагандыгын тастыктаган справка алыш керек.
Эркин формада өтүнүч менен Роспотребнадзордун электрондук дарегине: https://petition.rospotrebnadzor.ru/petition / кайрылуу керек.
- Кайрылууга төмөнкү документтер тиркелет: паспорт (Эгер чет өлкөлүк паспорт болсо, паспорттун котормосу, оорунун жоктугу жөнүндө маалымкат).
- Кайрылууда жашаган жеринин так дареги, почта дареги, вотсаптын телефон номери, электрондук дарек көрсөтүлүшү керек, анткени Ропторебнадзор арыз ээсине 30 күндүн ичинде кат жөнөтөт.
Кайрылууну оң караган учурда Роспотребнадзор тарабынан Орусиянын аймагына кирүү 3 айга убактылуу ачылат.
Роспотребнадзор тарабынан оң чечим кабыл алынгандан кийин жаран Орусиянын аймагына 1,5 айдан кийин гана кире алат. Сөзсүз түрдө "кара тизмеден" өзүңүздү текшериңиз.
Жаран Орусияга келгенден кийин дарылануудан өтүшү керек: Кожновенерологиялык диспансер 1, Москва шаары, Ленин проспектиси 17.
Жаранга дарылангандан кийин, справкасын жана паспортунун көчүрмөсү менен Роспотребнадзорго барып арыздын негизинде Орусияга кирүүгө тыюу салуу биротоло алып салынат.
“Кара тизмедеги” жаран Москва шаарында болсо, анда ал Роспотребнадзорго арыз жазышы керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: