Орусия Тажикстандын талабы менен кармалган Кыргызстандын жаранын бошотту
Акыйкатчы институту менен Тышкы иштер министрлиги И.А. аттуу Кыргызстандын жаранын Орусиядан Тажикстанга экстрадициялоодон куткарып калышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Акыйкатчы аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, тажик тарап ал жаранга эл аралык издөө жарыялаган, бирок акыйкатчынын жана Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен аракети менен Орусия аны Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартты жана кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эркиндикке чыгарды.
Расмий маалыматка ылайык, ал – этникалык кыргыз, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук округуна караштуу Мургаб айылында туулган.
2013-жылы Тажикстандан Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон. Андан соң этникалык кыргыз катары КРнын жарандыгын алган. Ошондон бери ал Кыргызстанда жашап жүрүп быйыл өлкөнүн чегинен тышкары иштеп келүүнү максат кылып чет жакка чыккан. Бирок Орусиянын чек арасынан өтүп жаткан учурда кармалган.
Иштин материалдарын таянсак, 2013-жылы Тажикстанда И.А.га карата “Аскер бөлүгүн жана кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. И.А. 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөгөн.
Анда аталган Кыргыз жараны Орусиянын чегинен өтүп бара жатканда кармалганы айтылат. Андан соң аны Орусиянын Алтай крайынын Рубцовск транспорттук прокуратурасына өткөрүп беришкен.
Орусиянын укук коргоо органдарынын расмий маалыматтары боюнча, Кыргызстандын жаранын Тажикстандын укук коргоо органдарынын эл аралык издөө жарыялаганынан улам кармашкан.
Аталган факты боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаевага этникалык кыргыздардын коомчулугунун өкүлдөрү анын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Мындан улам Акыйкатчы ишти өз көзөмөлүнө алган.

