Арзыбек Кожошев: “Энергетикалык коопсуздук – мамлекеттин өнүгүүсүнүн эң маанилүү шарты”
Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин 70 жылдыгына арналган "Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары" эл аралык илимий-практикалык конференциясына баяндамачы катары катышты.
Конференцияда министр "Энергетикалык коопсуздук глобалдык чакырыктардын контекстинде евразиялык мейкиндикти туруктуу өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири катары" деген темада баяндама жасап, анда ал өлкөнүн абалына көңүл бурду. Аны менен катар энергетика тармагы, бүгүнкү күндө энергетика рыногунда турган чакырыктар жана коркунучтар, биримдиктин өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу актуалдуулугун баса белгиледи.
"Үзгүлтүксүз интеграция процесстери жана глобализация жалпы Энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо жалпы бирдиктүү ситеманы түзүүнүн зарылдыгын айтып турат. Бул уюмга мүчө бардык мамлекеттердин кызыкчылыгы. Ошондой эле прогрессивдүү технолгияларды колдонууда кызматташтыкты күчтөндүрүү керек, ага суу энергетикасы жана орто жана кичи кубаттуулуктагы атомдук реакторлорду киргизүү менен", - деп белгиледи министр.
Арзыбек Орозбекович Евразия экономикалык биримдигинин бардык мүчө-мамлекеттеринин кызыкчылыгында энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү системаны түзүү, серпилүүчү технологияларды, анын ичинде кайра жаралуучу жана таза энергия булактарынын бардык түрлөрүн, акылдуу технологияларды иштеп чыгуу жана пайдалануу боюнча кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, эффективдүү сактоочу түзүлүштөр, барган сайын актуалдуу болуп бараткандыгын айтты. Ошондой эле ал пайдалуу кендерди сарамжалдуу пайдалануу, энергетикалык ресурстардын балансын башкаруу, жана өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыра ала турган альтернативдик энергия булактарын табуу боюнча иш алып баруу керектигин баса белгиледи.
“Интеграциянын жана глобализациянын үзгүлтүксүз процесстери бардык мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыгында энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуунун бирдиктүү системасын түзүүнү талап кылат, суутек энергиясын, акылдуу тармактарды, эффективдүү сактоочу түзүлүштөрдү, орточо жана аз кубаттуулуктагы өзөктүк реакторлорду камтыган жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана пайдалануу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү”, - деп жыйынтыктады ЕЭК министри.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, тиешелүү министрликтердин, илимий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.


