super.kg logo

Арзыбек Кожошев жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады (фото)

 

Бүгүн, 25-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ал М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өткөн "Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары" эл аралык илимий-практикалык конференциясында айтты.

Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өлкө аймактарындагы транспорт потенциалын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү натыйжалуу иштери, ЕЭБдин алдында турган транспорт жана инфраструктура маселелери боюнча милдеттерди чечүүгө, транспорт чөйрөсүндө евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү сыйланды. Алар:

- Евразия экономикалык комиссиясынын «Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн» төш ​​белгиси - Текебаев Тилек Кыдырмаевич - Транспорт жана коммуникациялар министри;

- Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасы - Бариев Ырысбек Жантаевич - Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

- Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасы - Ибраев Данил Турсунбекович - Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (КСПП) президенти.

“Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары” эл аралык илимий-практикалык конференциясынын “Транспорт жана санариптик логистика: жаңы реалдуулуктар жана мүмкүнчүлүктөр” секциясынын иши Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөктөштүктө уюштурулду.






Министр Арзыбек Кожошев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: