super.kg logo

Жалал-Абадда нанды көрсөтүлгөн баадан жогору саткан дүкөнгө айып салынды

 

Жалал-Абад шаарындагы "Азия" гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан жогору саткандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы базарларында, соода түйүндөрүндө нан азыктарына мониторинг жүргүзүлгөн.

"Натыйжада шаардын Т.Байзаков көчөсүнүн №46а дарегинде жайгашкан "Азия" гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан 3,97 сомго жогору саткандыгы үчүн 13 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле Сузак районундагы наабайканаларда 250-260 грамм тандыр нан дүң баада 22 сомдон, чекене баада 25 сомдон, ал эми 360 грамм бөлкө нан чекене баада 24 сомдон, 425 грамм бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бир нече соода түйүндөрүндө 365-370 грамм бөлкө нанды 25 сомдон, 270-280 грамм тандыр нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, бааны төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: