Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жаракат алган тоо текени куткарып калышты




Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын тоолуу аймагында жараланган тоо текени куткарып калышты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
21-октябрда жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда жарадар болгон тоо теке табылган. Жаракат алган жаныбарды табууга дароо чара көрүү менен милиция кызматкерлери аны сактап калуу жана зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүшкөн.
Тоо эчкисине медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, калыбына келтирилгенден соң, милиция кызматкерлери жаныбарды жапайы жаратылышты сактоо жана экосистемаларды сактоо менен активдүү алектенген "Германия жаратылышты коргоо Союзу" коомдук бирикмесинин камкор колуна өткөрүп беришти.
"Аталган окуя маалымат электрондук журналында катталып, териштирүү териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген. Туристтик экологиялык милиция кызматкерлери жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоо мыйзамдарын так сактоону талап кылып, ошондой эле браконьерлерди жана мүмкүн болгон мыйзам бузуучуларды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүүдө!", - деп билдиришти облустук милициядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.