super.kg logo

"Манас" аэропорту учактарды жылытуучу универсалдуу техникаларды сатып алды 

 

"Манас" эл аралык аэропорту учактарды жылытуучу универсалдуу техникаларды сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мындай атайын техникалар көп жылдардан бери сатып алынган эмес. Сатып алынган атайын жабдуулар аэродромдун ачык паркинг зонасында муздан арылтуу менен ар кандай типтеги жана категориядагы учактардын кыймылдаткычтарын, канаттарын, учактардын ичтерин жылытуу үчүн колдонулат.

Ага ылайык, универсалдуу моторлуу жылыткычтар учуунун коопсуздугуна, адамдардын өмүрүнүн коопсуздугуна, абадагы жүргүнчүлөрдүн жана техникалык персоналдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө таасир этпейт, ошондой эле аба кемелери жана жарандык авиациянын башка объекттери менен техникалык жана технологиялык шайкештикти, функционалдык мүнөздөмөлөрдүн туруктуулугун, аба кемесинин коопсуздугун камсыз кылат.

"Бул универсалдуу жылыткычтар кыш мезгилинде абдан керектүү жабдыктардын бири. Анткени бул жылыткычтар менен учактардын ичин, учактардын кыймылдаткычтарын жана канаттарын жылытууга болот. Бул 3 атайын техниканын бири "Манас" эл аралык аэропортунда калат, ал эми эки техника "Ош" жана "Каракол" эл аралык аэропортторуна жиберилет", - деп кабарлады "МЭА" ААКнын өндүрүш иштери боюнча директору Бекбача уулу Бакытбек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: