super.kg logo

Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын айтты

 

Садыр Жапаров Кыргызстандын желегин өзгөртүү идеясын колдоду. Ал “Кабардагы” маегинде желектин жаңы вариантындагы күн нурлары эми чындап окшошконун айткан.

Анда мамлекет башчысы Садыр Жапаров депутаттардын сунушун туура деп, бул идеяны колдой турганын билдирди.

"Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ал тургай өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон.

Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген.

Депутаттардын демилгесине келсек. Жакшылап, маани бере турган болсок, алар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону эл сөз кылып келген күн карамадай болуп калган күн нурларын оңдоп коёлу деген ой менен чыгып жатышат.

Ачык эле айтып коёюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги күн нурлары эми чындап окшошуптур.

Эми ушул вариант Кудай буюруп кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот. Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз деп жакшы ниет кылалы", - деди өлкө башчы "КАБАР" агенттигине берген маегинде.

Белгилей кетсек, өлкөнүн мамлекеттик символикаларынын бири болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: