Бүгүн Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган күзгү көргөзмө ачылат
Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чара саат 14:00дө ачылат.
Көргөзмө эки бөлүктөн турат:
- биринчиси — жазуучунун улуу чыгармаларынын негизинде жасалган, философтун, ойчулдун инсандык масштабын ачып берген эмгектер.
- Экинчиси — жазуучунун чыгармачылыгына түздөн-түз тиешеси бар, бирок жазуучунун мааракелик датасына арналган, Кыргызстандын көркөм сүрөт мектебинин жалпы өнүгүүсүн чагылдырган чыгармалар.
Көргөзмө 12-ноябрга чейин болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.