Кыргызстандык альпинист Гималайдын татаал чокуларынын бири Ама-Дабламды багындырды






Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гималайдын эң татаал чокуларынын бири Ама-Дабламды багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, базалык лагерден чокуга жетүү жана кайра Ама-Дабламдын негизги лагерине чыгуу үч күн, беш саатка созулган.
"Мен жаңы эле тоодон база лагерине түштүм! Базалык лагерден эң бийик чокуга жана кайра Ама-Дабламдын негизги лагерине чыгуу 3 күн 5 саатка созулду! Ал альпы стилинде жана акклиматизациясыз өттү! Асманга чыгуунун ылдамдыгын биздин тажрыйбалуу кыргыз альпинисттерибиз баалашат! Бул жетишкендикти Кыргызстанга арнайм! Аман-эсен, ден соолукта, мекениме кайттым", - деп жазган ал.
Кубатов бул боюнча дагы кененирээк маалымат бере турганын кошумчалаган.


