super.kg logo

Депутаттык комиссия өзгөчө режимдеги абактарды кыдырды

 

Абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия 25-октябрда Жазаларды аткаруу кызматына караштуу бир катар түзөтүү мекемелерин кыдырды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү алгач өлкөдөгү эң чоң абак жайларынын бири саналган Новопокровкадагы №3 түзөтүү мекемесинде болду. Аталган жайда азыркы тапта 730 адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Депутаттык комиссия аталган жайдын абалы менен таанышып, анда кармалгандардын арыз-муңун укту. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын айрымдары соттордун адилетсиздигинен улам мыйзамсыз камакка алынганын билдиришти. Өз кезегинде депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу комиссиянын негизги максаты мыйзамсыз отургандарга көмөк көрсөтүү, ошол эле учурда өзгөчө оор кылмыштарды кылып, бирок айрым соттордун коррупциялык аракеттеринен улам мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып кеткендерди аныктоо экенин билдирди.

“Албетте, бул жерде отургандардын баары күнөөсүз деп айта албайбыз. Кылмыш кылгандар мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек. Бирок ошол эле учурда соттордун акыйкатсыздыгынан улам ак жеринен отургандар да бар экени коомчулукта көп айтылат. Биз аларга көмөк көрсөтүшүбүз зарыл. Эч ким мыйзамсыз эркинен ажыратылбашы керек.

Комиссия түзүлгөн күндөн тарта бизге көп каттар келүүдө. Мисалы, ал каттарда мөөнөтүнөн мурда бошотууга 2000 долларга чейин пара талап кылышканы тууралуу да жагдайлар жазылган. Бүгүнкү жолугушууда да майыптыгы бар кылмышкерлердин тиешелүү документтерди ала албай жатышканы айтылды. Андан тышкары паспорт берүү жагында да көйгөйлөр бар экенине күбө болдук”,– деди ал.

Андан соң алар №50 өзгөчө режимдеги жаза аткаруу жайына барышты. Комиссия мүчөлөрү өзгөчө оор кылмыштарга шектелип камерада жаткан кылмышкерлерди кармоо шарттары менен таанышты. Муну менен катар кармоо жайынын жетекчилери жана кызматкерлери менен пикир алышты.

"Ошондой эле депутаттык комиссия өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган Чүй облусуна караштуу Жаңы–Жер айылындагы №19 мекемеде болушту. 309 жаран кармалып турган жайдагы түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты. Тагыраагы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу өмүр бою кесилгендер менен сүйлөшүп, пикирлерин укту", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-июнунда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: