Ысык-Көлдө бир күндө 3 чакырымдан ашык браконьерлик торлор алынды





Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө экологияны сактоо боюнча рейддик иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 26-октябрда облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, рейд Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлүп, ага облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин облустук башкармалыгынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Анда Түп районунда жайгашкан Николаевка булуӊунда эле бир күндүн ичинде узундугу 3 чакырымдан ашык 30га жакын эски жана жаңы браконьерлик торлору чыгарылды.
Мындан тышкары, сууда жүрүүчү моторлуу кайык ээлери аныкталып, алар менен балыктарды жана суу жаныбарларынын башка түрлөрүн мыйзамсыз кармоо боюнча кандай жоопкерчиликтер каралган боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Ошондой эле ышкыбоз балыкчыларга көлмөлөрдө өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби түшүндүрүлдү.


