Бишкекте Байтик Баатыр көчөсү боюнча Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин коомдук транспортко бөлүнгөн тилкени киргизүү иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук транспортко бөлүнгөн тилкени киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктады, Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки Байтик Баатыр көчөсүнө тиешелүү белгилер жана жол белгилери түшүрүлүп, орнотулду.

"Ошол эле учурда белгиленген тилке боюнча саат 7:00дөн 21:00гө чейин жүрүүгө тыюу салган убакытты тастыктаган белгилер да орнотулганын маалымдайбыз.

Иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жана ЖКККББ менен биргеликте жүргүзүлдү. Бишкек шаарынын жашоочуларына ыңгайлуу болушу үчүн жумуштар түнкүсүн гана жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.