super.kg logo

Бишкекте ЕАЭБдин жалпы энергетикалык рыногу үчүн укуктук базаны түзүүнүн кезектеги этабы аяктады

 

Бишкекте мунайдын жана мунай продуктуларынын, газдын жалпы рынокторун түзүү жана ЕАЭБдин жалпы электр энергиясынын рыногун түзүү эрежелери боюнча макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары электр энергиясын өз ара соодалоонун, ошондой эле мамлекеттер аралык тилкелердеги кубаттуулукту аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелерин бекитишти. Ченемдик-укуктук документтерди кабыл алуу менен жалпы электр энергиясынын рыногунун иштешинин мыйзамдык базасын калыптандыруунун кийинки этабын жыйынтыктайт.

Энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү (министр) Арзыбек Кожошев белгилегендей, бул эрежелер пакетинин кабыл алынышы Биримдиктин жалпы электр энергия рыногунда сооданы түзүүгө жана анын иштешине карай олуттуу кадам болуп саналат. Мындан тышкары борборлоштурулган соода сатыктагы операторлорду даярдоону тездетүүгө, рыноктун ишин камсыздоочу жана зарыл болгон инфраструктураны түзүүгө көмөктөшөт.

Арзыбек Кожошев белгилегендей: "Евразиялык экономикалык биримдиктин энергетикалык рыногундагы субьектердин карым катнашы эреже менен аныкталган жана бөлүштүрүү мүмкүнчүлүктөрү регламенттештирилген. Белгилеп кетүүчү маанилүү жагдай, атайын бекитилген эреже союзга кирген өлкөлөрдүн мамлекет аралык өтүүчү электр линияларын жана энергияны транспортировкалоодо адилеттүү тартипти камсыздайт. Союздагы бешилик рыноктун бардык катшычууларына электр түйүндөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылат".

Министр уюшкан борборлоштурулган сооданын жаңы механизмдери өзгөчө кызыгууну жаратып жатканын, ошондой эле бул баа коюунун ачык-айкындуулугун кыйла жогорулата турганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: