super.kg logo

Өлкөдө көмүргө максималдуу баалар белгиленди

 

Өлкөдө көмүргө максималдуу баалар белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, аймактар боюнча көмүрдүн баасы өндүрүлүп чыккан жердин (карьер) алыстыгына, казып алуу ыкмаларына - кен ыкмасы (шахтовый – кол менен казып алуу) жана (техниканын жардамы менен ачык казып алуу) сатылуучу жайларга чейин жеткирип берүүгө, ошондой эле сактоо жана сатуу шарттарына жараша белгиленди.

Мисалы, казып алуунун эң татаал, акысы кымбат ыкмасы кол менен казып алуу болуп саналат. Айта кетсек, Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң жана Баткен облусундагы Сүлүктү көмүр шахталарында кол менен казып алынат.

Учурда Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында, Бишкек шаарында жергиликтүү жана Казакстанда өндүрүлгөн көмүр сатылууда. Казакстандын көмүрүнүн баасы ата мекендик көмүрдөн кымбат. Буга ташып жеткирүүчүлөрдүн жол акысы жана темир жол аркылуу ташуу тарифтеринин жогорулашы себеп болууда. Импорттук көмүр Бишкекте жана Чүй облусунда (жүктөп берүү акысын кошкондо) 6,2 миң сомдон сатылууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгиленген баалардын колдонулушуна көзөмөл кылып, көмүр сатып иш жүргүзгөн чарбакер субъекттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, ошондой эле Соода эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: