super.kg logo

Кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство орденинин кавалери наамы тапшырылды

 

26-октябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырып, өз сөзүндө режиссёрдун чыгармачылыгы менен таанышы бар экенин, ошондой эле Актан Арым Кубаттын тасмалары Франциянын кино театрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын баса белгиледи.

"Сыйлык тапшыруу аземине көрүнүктүү кино режиссёрлор, маданият ишмерлери, элчиликтин өкүлдөрү жана кадырлуу коноктор катышты.

Өз кезегинде режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачлыкка берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делаус мырзага ыраазычылык билдирди", - деп жазылды маалыматта.

Эске салсак, аталган даражалуу сыйлык 1957-жылы Францияда негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык дүйнөдө саналуу гана инсандарга ыйгарылган.

Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссёру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: