super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Баткенде оңдоо иштери бүтпөй жаткан тротуар боюнча мэрия жооп берди

 

Баткен шаарынын тургуну порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө М.Салихов көчөсүнүн тротуары казылып, бир нече күндөн бери оңдолбой жатканын кабарлаган.

Буга байланыштуу Баткен шаарынын мэриясы аталган көчөдөгү жөө адамдар жүрүүчү жолдун казылышы жана коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы тууралуу маалымат берди.

"Бүгүнкү күндө М.Салихов көчөсүндө “Кыргызтелеком” ААК Баткен облустук филиалы байланыш линиясын алып өтүү үчүн казуу иштерин жүргүзүп жатат. Буга чейин аталган мекеме Баткен шаарынын мэриясынан телефон байланышынын чубалгыларын жер астынан алып өтүүдө казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат сурап кайрылган.

Баткен шаарынын мэриясы “Кыргызтелеком” ААКна казуу иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо жана жумуш аяктагандан соң жөө адамдар жүрүүчү жолду кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү милдеттендирген", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: