super.kg logo

Өлкөдө 18 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга жардам көрсөтөт

 

Кыргызстан боюнча 18 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, Кризистик борборлор аялдарга медициналык, психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырышат.

Ага ылайык, министрлик бул борборлорду мамлекеттик социалдык буйрутма аркылуу каржылоо аркылуу колдоого алат. Беш жылдын ичинде каржылоо жылына 5,4 миллион сомдон 7 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Каржылоо баш калкалоочу жайларды, реабилитациялык программаларды колдоого жана аялдарды ишке орноштуруу программаларына тартууга багытталган.

Ошондой эле мындай борборлордун ишинин мисалы катары министрликтин колдоосу менен аялдарга жана кыздарга психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп келе жаткан Нарын районундагы "Теңдеш" коомдук бирикмесин айтсак болот.

Ал эми Бишкекте зордук-зомбулукка кабылгандар “Аялзат” муниципалдык борборуна кайрылса болот.

"Учурда, Министрлик сексуалдык кылмыштардын курмандыгы болгон аялдарга жана кыздарга комплекстүү кызмат көрсөтүү максатында, б.а. медициналык, консультациялык, социалдык, психологиялык, укуктук колдоо, ошондой эле зомбулуктун курмандыктарына тергөө чөйрөсүндө «Бирдиктүү терезе» аркылуу колдоо көрсөтүүнү максатында өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен мамлекеттик кризистик борборун ачууну пландаштырууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.10.2023. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр соцтармактарда эркектер кыздар тууралуу гана талкуу кылып калган. Башка маселеге акылдары билим да жетпейт. Кээ бир бузуку молдолор интернетте кыздарды бузуку кылып көргөзүгө аракет жасашат, өзгөчө бети башын оронбогон кыздарды. Ушул сыяктуу нерселер кыздар жонундо жаман пикир пайда кылат, кесепети кыздарды кесинтүүгө, зомбулука жол ачат.
28.10.2023. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: