super.kg logo

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу жергиликтүү жамаат мүчөлөрү! Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекетибиздин Баш мыйзамында жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкарууну түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашыра тургандыгы аныкталган. Мына ошондуктан мамлекетти башкаруу системасында элге эң эле жакын турган орган катары сиздердин жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө кошкон салымыңыздар чоң. Чындыгында сиздердин талбаган ишмердүүлүгүңүздөрдүн аркасында мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары калкыбызга жетип олтурат.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү жамааттар мамлекеттик маанидеги иштер менен катар жергиликтүү маанидеги маселелерди ийгиликтүү чечүүдө мол тажрыйба топтоп, байма-бай демилгелерди көтөрүп, орчундуу иштерди илгерилетүүдө.

Учурда мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүүгө системалуу көңүл бурууда. Жылдан-жылга жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмү өсүп, алардын республиканын консолидацияланган бюджетиндеги үлүшү артып келет. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдаштыруу максатында айрым региондордо пилоттук режимде аймактык административдик реформа жүрүп жатат.

2024–2028-жылдарга Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, кабыл алуунун алдында турат. Жергиликтүү жамааттардын демилгесин, жигердүүлүгүн жана жоопкерчилигин өстүрүү, ролун жогорулатуу жаңы программанын өзөгүн түзөт.

Урматтуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, сиздерди өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан маанилүү, келечектүү иштерге активдүү катышууга чакырам.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш каалоо менен бирге, аймактарда жашаган элибиздин турмуш-шартын жакшыртууга багытталган ишиңиздерди албан-албан ийгиликтердин коштоосуна тилектешмин.

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!", - деди өлкө башчы куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: