super.kg logo
  Саясат  

Тажикстандан Баткенге аткезчилик жол менен спирт ташыган жаран кармалды

 

Баткенде аткезчилик жолу менен спирт ташыган Лейлек районунун жараны кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери ыкчам маалыматтардын негизинде аткезчилик жолу менен мыйзамсыз спирт ташыган Лейлек районунун тургуну 27 жаштагы С.К. аттуу жаранды кармашкан. Ал жеңил акча табуу максатында эч кандай документи жок мыйзамсыз спиртти Тажикстандан алып келип, Баткен шаарынын аймагында өзүнүн автоунаасында 1 тонна 150 литр спирт жүктөп бара жаткан жеринен кармалды.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин ("Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү") негизинде сотко чейин өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Экспертизанын корутундусунда 95 пайыз этил спирти экендиги аныкталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: