Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди





Бүгүн, 31-октябрда грек-рим күрөшү (U-23) боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Албаниянын Тиран шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, спортчуларды тиешелүү жетекчилер жана жакындары тосуп алды.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Ырыскелди Максатбек уулу Дүйнө чемпионатында 77 килограммга чейинки салмакта коло медалга ээ болгон.
Курама команда башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев, улук машыктыруучулар Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.