super.kg logo

Супер концерт: Жылдын триумфу «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы болду

 
Супер концертке "Салам, Нью-Йорк" тасмасынын режиссёру Руслан Акун жана тасманын продюсери Нурбек Айбашов экөө келишти.
Тасмада ырчы Каныкейдин аткаруусунда жаңырган “Садагам” саундтреги “Жылдын супер саундтреги” наамына ат салышып, жеңүүчү деп табылды.
Быйыл "Салам, Нью-Йорк!" тасмасы аркылуу көпчүлүккө таанымал болгон Аида Тулебаева "Жылдын супер актрисасы" наамына татыды.

Жылдын триумфу «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы болду. Дегеним, бул тасма «Супер тандоо-2013тө” 4 наамга ат салышып, баарында озуп чыкты. Тактап айтканда, тасманын өзү “Жылдын супер тасмасы” наамына көрсөтүлсө, андагы баш каармандардын ролун ийине жеткире аткарган Бектемир Мамаюсупов менен Аида Тулебаева “Жылдын супер актёру”, “Жылдын супер актрисасы” наамдарына талапкер болушту. Ал эми аталган тасмада ырчы Каныкейдин аткаруусунда жаңырган “Садагам” саундтреги “Жылдын супер саундтреги” наамына ат салышты. Жыйынтыгында, бул тасма минтип 4 наамды тең эч кимге алдырбады.

Тасманын Түштүк Кореяда өткөн Сеул эл аралык кинофестивалынын атайын сыйлыгына да ээ болгонун айта кетпесек болбос. Белгилей кетсек, аталган тасманы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" наамын алган "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильминин жаратуучуларынын бири Руслан Акун тарткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.12.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ремейки эмес саундтреги десенер супер инфо
15.12.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ibo, онолду, рахмат!
15.12.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандайча? жыйынтык боюнча до+фа эмес беле биринчиде?
16.12.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina777,Саламатсызбы!
Шарт боюнча гезитке жарыяланган талапкерлердин тизмеси 1-ноябрда SUPER.KG порталыбызга жүктөлүп, 29-ноябрга чейин добуш берүү жүргүзүлгөн. Алардын ичинен эң көп добуш алган алдыңкы үчилтик калыстар тобунун сынына коюлуп, калыстардын чечими менен “Жылдын супер тасмасы” деп "Салам, Нью-Йорк!" табылды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: