super.kg logo

"Эки саатта 27 миң сом айып салынды". Өлкөдө "Кооптуу жүк" аталышындагы рейд өткөрүлүүдө

 

Өлкөдө "Кооптуу жүк" аталышында рейд өткөрүлүп, эки саатта 27 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кооптуу жүк ташуучу унаа каражаттарынын катышуусу менен болгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында ЖКККББ тарабынан 30-октябрдан 2-ноябрга чейин "Кооптуу жүк" аталышындагы профилактикалык иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

"Иш-чаранын алкагында Чүй облусунун аймагындагы "Сосновка" стационардык постунда кооптуу жүк ташуучу унаа каражаттарынын техникалык абалы, айдоочу курам менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Кемчиликтер аныкталган айдоочуларга Укук бузуулар кодексинин талабынын негизинде тиешелүү протоколдор жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: