super.kg logo

Бишкекте акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленди (фото)

 

Бүгүн, 31-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын "Эмгек баатыры", маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана маданият министри Алтынбек Максутов жана Улттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков сөз сүйлөп, Байзаковдун жакын туугандарын жана катышуучуларды мааракелик иш-чара менен куттукташты.

Анда Түмөнбай Байзаковду кыргыз журтчулугу улуу акын, котормочу жана кыргыз элин жана кооз жаратылышын сүрөттөгөн “Кыргыз жери” чыгармасынын автору катары тааный тургандыгын, ал ырды уккан ар бир жаранды мекенчилдикке жана асыл сапаттарга ээ жетелей тургандыгын белгилешти.

Ошондой эле акындын 100 жылдык мааракеси 2023-жылы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган юбилейлик иш-чаралардын тизмегине киргизилгендиги айтылып, көзү өтсө да, кыргыз коомчулугу үчүн жасаган эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, Түмөнбай Байзаковго Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры артыкчылык даражасы ардактуу наамын ыйгарылгандыгы баса белгиленди.

Кыргыз адабияттын өнүгүшүнө зор салымын кошкон, өз өмүрүн чыгармачылыкка жана басма ишине арнаган Түмөнбай Байзаковдун салтанаттуу иш- чарасында атайын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.11.2023. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улттук жазуучулар союзунун -- улУттук
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: