super.kg logo

"Байге фонду 1 миллион сом". Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата кароо-сынак өтөт

 

Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата экинчи ирет кароо-сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Кыргыз улуттук “Манас” театры маалымдады.

Маалымдалгандай, ноябрда уюштурула турган сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, каалоочулар жана маданий-музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алышат.

Катышуучулардын жашы чектелбейт.

Сынакта элдик же залкар инсандарга таандык айрым чыгармалардын обонун Замирбек Үсөнбаев иштеп чыккан болсо же аткарып чыгармага жаңы өмүр берип эл алдына алып чыккан болсо, Үсөнбаевдин ошол чыгармага кошкон салымын эске алып, ошондой чыгармаларды да конкурста аткарылчу чыгармалардын катарына киргизилгени айтылды.

Анда “Олжобай менен Кишимжан”, “Кожожаш”, “Гөзал кыз”, “Саякбайга арноо”, “Ашык элем” жана башка чыгармалары бар.

Мындан тышкары кароо-сынакка катышуучулар үчүн бардык чыгармаларынын бириктирилген аудио альбому түзүлүп, атайын JANAT KANAT UULU ютуб каналга жүктөлдү.(шилтеме https://youtu.be/5OOpBs-Wei)

Экинчи айлампада жарышка түшкөн 14 аткаруучудан тандалып алынган алты аткаруучу финалда байгелүү орундар үчүн жарышууга жолдомо алат.​

Байге фонду 1 миллион сом. Байланыш телефондору:+996 700 540 493+996 703 700 797






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: