super.kg logo

III Эл аралык "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы аяктады(фоторепортаж)

 
Фестивалдын жабылыш аземинде ырчы Каныкей чет өлкөдөн келген конокторго өз өнөрүн тартуулады
Фестивалдын жабылыш аземинен бир көрүнүш
Руслан Акундун “Ашуу” тасмасы “Элдин купулуна толгон тасма” наамына ээ болду
Ал эми эл аралык конкурста Казакстандан келген Айнура Исмаилованын “Отец” тасмасы “Элдин купулуна толгон тасма” наамына арзыды
Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу өнөрүн тартуулап жаткан учуру
Улуттук сынакта М.Бусурманкуловдун “Переваливший через века народ” тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына ээ болду
Эл аралык конкурста Грузиядан келген Давид Пипианын “Поколение войны” фильми калыстардын атайын сыйлыгына арзыды
Улуттук конкурста “Мыкты режиссёрдук иш” наамын “Кара далы” тасмасынын режиссёру Алижан Насыров алды
Ал эми эл аралык конкурста “Алхас и Джульета” (Армения) тасмасынын режиссёру Ашот Кещян “Мыкты режиссёрдук иш” наамын алды
“Эң мыкты тасма” наамына Руслан Акундун “Ашуу” тасмасы татыды
Ал эми эл аралык сынакта “Эң мыкты тасма” наамы Шарофат Арабованын “Между” (Тажикстан)тасмасына ыйгарылды
Фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз
"Манас" кинотеатры

Бүгүн, 15-декабрда III Эл аралык “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы аяктады. Фестивалга жалпысынан 23 тасма катышкан. Алардын 10у улуттук номинация боюнча, ал эми 13ү эл аралык номинация боюнча. Тасмалар үч күн бою “Манас” кинотеатрында көрсөтүлүп, калыстар тобунун жана элдин сынына коюлган. Жыйынтыгында улуттук номинация боюнча “Эң мыкты тасма” наамына Руслан Акундун “Перегон” тасмасы татыса, “Мыкты режиссёрдук иш” наамын “Кара далы” тасмасынын режиссёру Алижан Насыров алды. Ал эми Марсбек Бусурманкуловдун “Переваливший через века народ” тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына ээ болсо, “Элдин купулуна толгон тасма” наамына Руслан Акундун “Перегон” тасмасы ээ болду. 

Ошондой эле эл аралык сынакта “Эң мыкты тасма” наамы Шарофат Арабованын (Тажикстан) “Между” тасмасына ыйгарылды. Ашот Кещяндын (Армения) “Алхас и Джульетта” тасмасы “Мыкты режиссёрдук иш” наамын алды. Ал эми Давид Пипианын (Грузия) “Поколение войны” фильми калыстардын атайын сыйлыгына арзыса, Айнура Исмаилованын (Казакстан) “Отец” тасмасы “Элдин купулуна толгон тасма” наамына арзыды.

Жеңүүчүлөргө 50 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом, статуэтка тапшырылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: