Эртең маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет
Эртең, 2-ноябрда өлкөдө маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, майрамга карата саат 14:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу иш-чара уюштурулат.
Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу маданият жана искусство ишмерлерине жана өнөр адамдарына мекеменин сыйлыктары тапшырылары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.