super.kg logo

Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова 55 жашка чыкты. Ал өздүк майрамын көлдүн жээгинде белгилеп жатат

 

Бүгүн, 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова 55 жашка чыгып, туулган күнүн белгилеп жатат.

Ырчы жеке майрамды үй-бүлөсүнүн курчоосунда Ысык-Көлдүн жээгинде белгилейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын менеджери Дилназ Рыспек кызы билдирди.

"Гүлнур эже учурда үй-бүлөсү жана жакындары менен Ысык-Көлдө жүрөт. Өздүк майрамын көлдүн жээгинде тосот. Негизи бул майрамды жакындарынын курчоосунда эле майрамдаганды жакшы көрөт", -деди ал.

Гүлнур Сатылганова 1968-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулдан аяктап, 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген.

Ырчы "Каалайм сага", "Сагыныч", "Сүйөмүн моокум канбастан", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу" "Булуттар", "Ыр десте" аттуу ырлар менен атактуулукка жетишкен. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, "Ариет" уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: