super.kg logo

Бишкекте акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү иш-чарасы өттү

 

Кечээ, 1-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, ыр кечени төрага Нурланбек Шакиев демилгелеп, керектүү каражатты резервдик фондунан бөлүп берген.

Иш-чарада акындын сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылып, ырлары көркөм окулду. Андан соң төрага Шакиев сөз сүйлөп, акындын өмүр жолуна токтолду.

Андан тышкары, акындын жакын досу, депутат Мирлан Самыйкожо, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев баштаган жетекчилер, замандаштары жана маданият өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Ыр кеченин соңунда жаңы эле негизделген Зайырбек Ажыматов атындагы фонд тарабынан жаш акындар Айзат Кудайберди кызына, Улукбек Омокеевге жана журналист Нурболот Азаматка "Зайырбек Ажыматов" атындагы адабий сыйлыктар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, "Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактарынын автору Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 44 жашында дүйнө салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: