"Тез арада операцияга муктаж". Ырчы Бакыт Мамаев жандандыруу бөлүмүндө жатат

Белгилүү обончу жана аткаруучу Бакыт Мамаев оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу анын жээни Нуркыз Рыскул кызы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, ырчынын мээсине кан куюлуп, тез аранын ичинде операция жасатууга муктаж болуп турат. 7-ноябрга чейин 10 миң доллар акча каражаты керек болуп жатканын жазган.

"Таланттын өмүрүн сактап калууга кол сунууңуздарды өтүнөбүз", - деген ал.
Жардам колун сунам деген жарандар төмөнкү реквизиттер аркылуу акча каражатын которсо болот.
Мбанк: 0773876789 (Бактыбек М)
Банк эсеби: 4177490161386687
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.