Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Палестина боюнча билдирүү таратты
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Палестина боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда муфтияттан билдиришти.
Аалымдар кеңеши өз билдирүүсүндө Израилдин Палестинанын карапайым калкына каршы жасаган согуштук кыргынын кылмыш деп аташты. Ошондой эле социалдык тармактарда тарап жаткан ар кандай чакырыктарга азгырылбай, алыс болууга чакырды.
"Урматтуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандар!
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Израиль өлкөсүнүн Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргынын адамзаттык кылмыш деп айыптайбыз. Мусулман дүйнөсүнө Кудай Таалам өзү жар болсун, өзү колдосун. Бул кайгы бир гана палестиналыктардын эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы болууда. Болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын дүйнө элдери айыптап, тезирээк токтотууну талап кылышууда. Биз, Кыргызстан өлкөсү географиялык жактан алыс жайгашканыбызга байланыштуу, моралдык жана материалдык жардамыбызды берүүнү туура деп чечтик. Ошондуктан эл чогулган жерлерде, мечит-медреселерде, жума намазга келген жамааттар менен, жадагалса ар бир мусулмандын жеке ибадаттарында Палестина эли үчүн дуба кылууга чакырабыз. Эң негизгиси, материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат.
Урматтуу кыргызстандыктар, Палестина калкына карата жарыяланган каргашалуу согушка байланыштуу соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатат. Аталган чакырыктарды аалымдарыбыз иликтеп чыгышты. Жыйынтыгында мусулман бир туугандарыбызга болгон жардамыбыз руханий жана материалдык болууга тийиш деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан эмоциалдык сезимдерге алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз", - деп билдиришти Аалымдар кеңеши.

