super.kg logo

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаевге түрмөдө интимдик кызмат көрсөтүлгөн

 

Коңшу казакстандык ишкер Кайрат Боранбаев абакта отурганда уюлдук телефонду мыйзамсыз колдонуп, туулган күнүн белгилеп, спирт ичимдиктерин ичип, интимдик кызматты колдонуп жүргөнү белгилүү болду. Бул тууралуу КТК жазды.

Жогоруда айтылган кызматтардын баары ишкердин жээни Абилхан Боранбаев тергөөчүгө пара бергенден кийин жеткиликтүү болгон.

"2022-жылдын 22-сентябрында саат 20:40та Боранбаев кылмыштуу пландарды аткарып, СИЗОго бара жаткан жолдогу «Нур» кафесинин жанына токтоп, мыйзамсыз аракеттерди жасаган. Тагыраагы, Боранбаев интимдик кызмат көрсөтүүчү менен жолугушууга, ошондой эле туулган күнүн спирт ичимдиктерин ичип белгилөөгө мүмкүнчүлүк алган", - деп жазылат материалда.

Боранбаев 2022-жылдын март айынын орто ченинде газ берүү учурунда Qazaq Gaz (мурдагы КазТрансГаз) улуттук компаниясынан ири өлчөмдөгү каражатты уурдаганы үчүн кармалган. 2023-жылдын март айында Астана соту Боранбаевди жана бул иш боюнча дагы эки айыпталуучуну сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Астананын апелляциялык соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга кесип, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан.

Октябрь айынын ортосунда ал камактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: