Ошто арзан баадагы көмүр сатыла баштады (дареги)
Ош шаарынын мэриясы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү.
Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:
- "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;
- "Туран" муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
- "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-07-11

11:22
2025-07-11

10:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.