super.kg logo

Неймардын жашоосундагы эң жаман күн. Белгисиз адамдар анын кызын издеп келишти

 

Бразилияда атактуу футболчу Неймардын сүйлөшкөн кызынын ата-энесинин үйүнө белгисиз адамдар кирип келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, окуя кечээ, 7-ноябрда Котия шаарында болгон. Анда куралдуу адамдар футболчунун сүйлөшкөн кызы Бруна Бьянкардинин ата-энесинин үйүнө кирип, аларды байлап, үйдөн Неймардын жаңы төрөлгөн кызы менен сүйгөнүн издешкен.

Алар андан кийин кыздын ата-энесине Неймар жана анын кызы тууралуу суроолорду беришкен.

Андан кийин алар үйдөн жалпы суммасы 115 миң евродон ашык болгон зер буюмдарды уурдап кетишкен. Көп өтпөй полиция кызматкерлери жабырлануучулардын үйүнөн 300 метр алыстыкта ​​жайгашкан үйдө жашаган 19 жаштагы шектүүнү кармады.

Экинчи кылмышкердин өздүгү такталды, үчүнчүсү белгисиз бойдон калууда. Алар изделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: