super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-өзбек алакасы: Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

 

Бүгүн, 8-ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзийоев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып, маданий-гуманитардык алмашуу активдешип жатканын, ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жемиштүү иштер уланып, мында өсүштүн оң динамикасы байкалганын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзийоев эки өлкөнүн боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук өз ара аракеттенүүнү мындан ары ырааттуу өнүктүрүүнү макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: