super.kg logo

"Акча чогултуу токтоду". Ырчы Бакыт Мамаевге эми операция жасалат

 

Ырчы Бакыт Мамаевдин операциясына керектелүүчү акча чогултуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда анын жээни Нуркыз Рыскул кызы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал элге ыраазычылыгын билдирип, керектелген суммадагы акча чогулгандыгын айтты.

"Урматтуу туугандар!
Бир тууган тайкем кокус жерден жыгылып, башына кымбат баадагы операция жасатуу керек болуп, өтө чукул арада болгондуктан сиздерге кайрылуу жасаганбыз.

Элден айланса болот. Калың элге жана өнөрдөгү сахналаштарына, жердештерине алкыш! 6 күн ичинде тынымсыз жардам кылып, кайрымдуулук концертин уюштурсак аны колдон-буттан алып колдоп, ушул күндөр аралыгында мен жарыялаган банк эсебине, мбанкына жана кайрымдуулук концертине түшкөн каражаты биригип, 6 миң 500 доллар чогулду да, үстүнө калган акчаны туугандары кошуп, аппаратына акча төлөнүп, бүгүн операцияга кире турган болууда. Биз үчүн эң башкысы аппараттын акчасын тез арада табуу болчу. Кудайым колдоп операциясы ийгиликтүү өтүп кетсин. Расмий түрдө элден акча чогултууну токтотобуз!!!

Эгерде мындан аркы дарылануусуна жардам берем десеңиздер өзү операциядан чыккандан кийин, ден соолугу жакшы болгондо Республикалык ооруканага келип жолугуп турсаңыздар болот", - деп жазган Нуркыз Рыскул кызы.

Буга чейин белгилүү обончу жана аткаруучу Бакыт Мамаев оор абалда ооруканада жатып, анын операциясына акча чогултулуп жаткандыгы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: