Абхазиядагы тоодо куралчан адамдар байкалган. Шаарга кире бериштеги жолдор жабылды
Мергенчилер Абхазиянын Гулрыпш аймагындагы тоодон жакшы куралданган жети адамды байкап, коопсуздук күчтөрү аларды издөөдө. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Абхазиянын ички иштер министри Роберт Киут билдирген.
"Азанта айылына жакын жерде жергиликтүү мергенчилер эч кандай идентификациялык белгилери жок куралчан жети адамды көрүшкөн. Аларда чет элдик курал-жарактар, болжолдуу М-4 автоматтары болгон. Алар жакшы куралданган", - деген ал.
Учурда алардын өздүгү такталып, издөө иштери жүрүп жатат. Коопсуздуктан улам Абхазиядагы эң ири Сухум шаарына кире бериштер жабылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.