Акыйкатчы институту расмий сайтынын жаңы версиясын ишке киргизди

Акыйкатчы (Омбудсмен) институту расмий сайтынын жаңы версиясын - ombudsman.kg/ ишке киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, Европа биримдиги “КРдагы мыйзамдын үстөмдүгү. 2-фаза” деп аталган долбоордун алкагында сайтты иштеп чыгууга техникалык көмөк көрсөтүлгөн.
"Расмий сайттын дизайны өзгөртүлдү - ал кабыл алууга жеңил, заманбап жана колдонуучу үчүн баардык ыңгайлуулуктары менен жасалгаланды. Сайтта маалыматтар абдан ирээттүү жана окурмандар үчүн түшүнүктүү болгондой жасалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева жаңы сайтта жарандардын онлайн-кайрылуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр каралганын белгиледи.
“Негизинен сайтта интернет-кабылдама бар, ал жерден арыз берүүчүлөр өздөрүнүн кайрылууларын жөнөтө алышат. Ошондой эле жарандар тигил же бул укуктары бузулган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөр жазылган көптөгөн бөлүмдөр бар.
Калктын аялуу катмарынын укуктары өзүнчө блоктор менен бөлүнгөн. Ар бир блокто укуктар бузулган учурда эмне кылуу керектиги тууралуу, улуттук мыйзамдарга ылайык кимдин кандай укуктары бар экендиги тууралуу кеңири баяндалган”,- деп белгиледи Акыйкатчы.
Сайттагы маалыматтар үч тилде: кыргыз, англис жана орус тилдеринде жайгаштырылган, ошондой эле көрүүсү начар адамдар үчүн версия да бар.
Сайт мобилдик түзүмдөргө ыңгайлаштырылган, бул болсо аны колдонуучулар үчүн көбүрөөк ыңгайлуу кыла турганы айтылды.

