Бишкекте мыйзамсыз курулган 3 кабаттуу имарат буздурулду



Өлкөдөгү мыйзамсыз курулуштар буздурулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын Кара-Жыгач жаңы конушундагы мыйзамсыз, тиешелүү документтери жок курулушту буздуруу жөнүндөгү доо арызы Октябрь райондук соту тарабынан канааттандырылды. Ага байланыштуу бүгүн, 10-ноябрда өз билемдик менен жана курулушка тиешелүү документи жок курулган 3 кабаттуу имарат буздурулду.
Белгилей кетсек, мыйзамсыз курулуштун ээсине уруксат кагаздарын алып келүү боюнча эскертме жазуу берилген. Текшерүү учурунда эч кандай уруксат кагаздары жок экени аныкталып, протокол түзүлүп, айып пул салынган. Иш сотко өткөрүлүп, курулушту мыйзамсыз деп таап, буздуруу жөнүндө чечим кабыл алган.

