super.kg logo

Эрдоган Газа тилкесиндеги согуш боюнча АКШга катуу шарттарды койду

 

БУУ жана башка эл аралык уюмдар Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги карапайым калкты кыргынга алышынын алдында активдүү эмес. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин Anadolu басылмасы жазды.

"Мусулмандар өлтүрүлгөндө БУУ жана башка эл аралык уюмдардын натыйжасыз жана сокур экенине дагы бир жолу күбө болдук. Эл аралык коомчулук Газадагы кыргындарга каршы чара көрүшү керек. Бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинин дагы бир жолу аракетсиз экенин көрүп жатабыз", - деген ал Эр-Рияддан кайтып келгенден кийин журналисттерге берген маегинде.

Ал ошондой эле Израиль-Палестина жаңжалындагы АКШнын позициясын сынга алды. Анын айтымында, эгер Вашингтон бул жерди Израилдин аймагы деп эсептесе, Түркия менен АКШнын Газа боюнча келишими болушу мүмкүн эмес.

"Активдештирилиши керек болгон эң маанилүү өлкө - Израилге таасири бар Америка. Газа - Палестина элинин жери. Америка муну моюнга алышы керек. Эгер Байден Газа Палестина элинин жери эмес деген көз карашта болсо, анда биздин келишимибиз мүмкүн эмес", - деп кошумчалаган ал.

Эрдоган дагы бир жолу Палестинанын ХАМАС кыймылы "террордук уюм эмес, бардык күчү менен өз жерлерин коргоого жана мекени үчүн күрөшүп жаткан адамдар" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: