Кыргызстанда 1xBet букмекердик кеңсесинин ишине тыюу салынды

Анын айтымында, 1xBet буга чейин букмекердик контора катары иштеп келген. Бирок анын лицензиясы чакыртып алынган, бүгүнкү күндө бизде иштебейт.
Депутат Эрулан Кокулов кумар оюндарын көрсөткөн бул букмекердик кеңсе улуттук көк бөрү оюнунда жарнама кылынганын сынга алды.
"1xBet биздин көк бөрүдө жарнама болуп жатат. Дүйнөдө кумар оюндарын жарнамалап өзүнүн улуттук оюндарын ушундай деңгээлге түшүргөндөр барбы? Жок дегенде улуттук оюндарды жөн койбойсуңарбы!", - деди Кокулов.
Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо бул онлайн казино мамлекеттик иш-чараларга канча жолу, канча суммада демөөрчү болгонун сурады эле, Пирназаров ага жооп бере алган жок. Тактап, кийинчерээк жазуу жүзүндө жөнөтөрүн убадалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова мыйзам долбоору оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, бир оюн чөлкөмүнө топтоштурууну камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Жогорку Кеңеш 15.11.23.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

