super.kg logo

Лукашенко Пашиняндын ЖККУнун Минсктеги жыйынына катышуудан баш тартканы боюнча үн катты

 

Беларустун президенти Александр Лукашенко Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышуудан баш тартуусуна комментарий берди. Бул тууралуу БЕЛТА маалымат агенттигине өлкө башчынын басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт билдирди.

Анын айтымында, Беларусь лидери Армениянын премьер-министринин 23-ноябрда Минскиде өтө турган ЖККУнун сессиясына келбей коюу чечимине сабырдуулук менен жооп кайтарган.

"Президент бул ар бир мамлекеттин лидеринин иши экенин түшүнөт. Чакыруу Армениянын премьер-министрине жана башка мамлекет башчыларына жолдонду", - деди Эйсмонт.

Белорус президентинин басма сөз катчысы Лукашенко Пашинянга "шашылыш чечимдерди кабыл албоону, бирок ыдыратууга багытталган кадамдарга олуттуу кароону сунуштадыгын айтты.

Эске салсак, кечээ, 14-ноябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Беларусь президенти Александр Лукашенкого 23-ноябрда Минскиде өтө турган ЖККУ саммитине катышпай турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: