"Парламент популизмден алыстаса, "Кумтөр" боюнча маселелер чечилет" деди өлкө башчы
Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик
"Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө. Анда "Кумтөр" маселеси тууралуу суроого "Кумтөр” боюнча
макулдашууну чечүүдө парламент популизмден кетип, маселени чечиши керек. Ошондой
эле “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөрдү кылдаттык менен жүргүзүү керек. 67 пайызга
макул болбосо, макулдашууну жокко чыгарабыз деген боюнча да жакшы эсептеп чыгыш
керек. “Жети өлчөп, бир кес” дегендей, парламент популизмден чыкса, жакында
маселе оң жакка чечилет деп ойлойм" деген оюн билдирди Алмазбек Атамбаев.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

