super.kg logo

Тажикстандын президенти Москвага расмий сапар менен барат

 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-22-ноябрь күндөрү Москвага расмий сапар менен бара турганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, иш сапарынын алкагында Эмомали Рахмон Орусиянын президенти Владимир Путин менен "жекеме-жеке" форматта жолугушат, ошондой эле эки өлкөнүн делегацияларынын кеңейтилген жолугушуусу болот.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында документтер пакетине кол коюу пландалууда. Кайсы документтерге кол коюлары маалыматта айтылган эмес.

Тажикстандын президенти Москвадан кийин Минскиге барып, 23-ноябрда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине катышат.

Уюмга мүчө мамлекет башчыларынын катышуусунда өтүүчү саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү талкууланып, алдыдагы милдеттер белгиленет. Президенттер ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыздоого багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

Жакында Эмомали Рахмон менен Владимир Путин Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында жолугуп, стратегиялык өнөктөштүк жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: