Чек ара: Кыргыз-тажик жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду







Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин өткөн.
Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты. Эми бул иш Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки отурумда каралат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

