super.kg logo

Бишкекте түрк кино жумалыгы ачылды 

 

Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Бишкек эл аралык кино фестивалынын алкагында түрк кино жумалыгы ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттын ачылышына маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, фестивалдын калыстар тобунун төрагасы Семих Капланоглу, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам, ардактуу конок түркиялык белгилүү актриса Түркан Шорай болду.

Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча 1977-жылы Түркияда тартылган “Кызыл жоолук жалжалым” (“Селви бойлум ал язмалым”) тасмасында башкы каармандын ролун аткарган актриса Түркан Шорай менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жолугушуусу тууралуу тасма катышуучуларга көрсөтүлдү.

Андан соң Тимурлан Ажымалиев Бишкек кино фестивалдын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүү бөлүгүнүн бири катары, конок өлкө катары чакырылган Түркия кино жумалыгы түзө турганын белгилеп, жумалыкта түрк тасмалары кыргыз көрөрмандары тартууланып, боордош элдин тарыхын жана маданиятын жакындан таанууга мүмкүнчүлүк берет деп белгиледи.

Ошондой эле ал аталган кино жумалык эки өлкөнүн кино өкүлдөрүнүн кызматташуусун арттырып, орток долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөргө чоң аянтча болот деп билдирди. Ажымалиев Түрк кино жумалыгын өткөрүүдө Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине, жумалыкты өткөрүүгө тиешеси бар бардык тараптарга жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетине ыраазычылык билдирди.

Жумалыктын ачылышы Түркия Республикасы жарыялануусунан бир күн мурун Анкарадагы Чанкая сарайында болгон окуялар чагылдырылган “Акыркы кечки тамак” тасмасы тасманын продюсери Ахмет Селим Тунжер жана бала актриса Азра Аксунун катышуусу менен коштолду.

Белгилей кетсек, түрк кино жумалыгында Түркиянын белгилүү тасмалары менен кошо кино сүйүүчүлөр жактырган популярдуу тасмалар көрсөтүлөт.

Иш-чаранын алкагында “Акыркы кечки тамак”, "Хасандын ишенимдүүлүгү”, “Эфлатун”, “Буудайдын бир даны”, “49”, “Бир чымчым каранфил” жана “Рафадан Тайфа – Галактика тобу” тасмалары акысыз көрсөтүлүп, ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин актёр, актрисалар, режиссёр жана продюсерлер менен көрүүчүлөрдүн жолугушуулары жана маектер өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: