super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров IT-тармагын жакшыртууга Япониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки тарап соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн реалдуу практикалык кадамдар жасалып жатканын белгилеп, Япониянын компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Ага байланыштуу Садыр Жапаров чет элдик инвесторлорду коргоо маселесине жеке көңүл буруп, Кыргызстанга салынып жаткан инвестициялардын корголушуна кепилдик берерин баса белгиледи.

"Ал өз ара кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири - маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө басым жасады.

Президент Садыр Жапаров бул жагынан алганда өлкө дайыма суроо-талапка ээ боло турган жогорку потенциалга ээ экенин жана келечекте санариптик экономиканы алга жылдырууга, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун жана инфраструктуранын сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи. Кыргыз тарап IT-тармагын жакшыртууга Япониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми JETRO компаниясынын башкаруучусу Норихико Ишигуро президент Садыр Жапаровго жеке жолугуп, келечектүү долбоорлорду талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстанда абдан чоң потенциал бар экенин жана япон компанияларынын өлкөгө болгон кызыгуусу өсүп жатканын, буга байланыштуу кызыгууну өз ара кызыкчылык туудурган конкреттүү сунуштар менен толтуруу зарыл экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Норихико Ишигуро бул жолугушуу кыргыз-япон кызматташтыгынын алкагында ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарын кошумчалады.

Эске сала кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 17-ноябрда Японияга расмий сапары менен барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: