super.kg logo

Тогуз-Тородо өткөн республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды 

 

"Саймалуу-Таш-Санаты" аталышындагы төкмө акындардын республикалык айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айтыш 18-ноябрда Тогуз-Торо районунда өттү.

Жалпы байге фонду 1 миллион сом болгон айтыш 18-ноябрда Тогуз-Торо районундагы Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө болуп өттү.

Тандоодон өткөн 16 акын бүйүр кызыта айтышып, жыйынтыгында төкмө акын Абдылда Нуралиев баш байгени жеңип алды. Ага саймалуу таштын оюмдары түшүрүлгөн атайын кубок, диплом жана 150 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан тышкары 1-орунду алган Азамат Болгонбаевге 120 миң сом, Тынчтык Эсенбай уулуна 100 миң сом (2-орун), 3-орун үчүн Темирбек Матыбаевге 90 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Республикалык айтышка 7 адам калыстык кылып, төрагалыкты өлкөнүн эл артиси, композитору Түгөлбай Казаков аркалады.

Белгилей кетсек, 6-ноябрда Бишкекте аталган айтышка тандоо туру болуп, ага 34 акын катышкан жана 16 акын калыстардын чечими менен тандалып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: